Ыраазычык кат!

     Мен бул кызык  катты жазып калтыруумдун себеби: мага окшоп дартына даба, илдетине шыпаа издегендерге ишенич, умут алып келип оорусунан айыгып кетсе деген тилегим. Мен Кубаныч табып жана жубайы Салима туралуу айтчы создорум коп болсо да, ошолордун ичинен бир эки кереметин (чудо) айткым келди. Жараткан Аллага тобоо кылуу менен Азиз периштелерге ыпаазычылык билдируу менен созумду баштайын. Мен Султаналиева Акжолтой Сейдиевна 1955ж. 1январда Нарын облусунда Кочкор районунун Кум Добо айылында туулгам. Коп жвлдар бою ооруп, азабын жакшы эле тарттым. Барбаган жерим калбады. НЦКИ терапия Академик Мирсант Мирахимов атындагы оорукананын Ремотология болумундо учетто туруп, коп жыл дарыландым. Ай сайын бициллин 5 сайдырчымын жаз куз жатып дарыланчымын. Кучтуу таблеткалар, капельница капсула даарылар. Доктурдун диагнозу: «Повторно Риаметическая лихорадка, кордит недостаточность ситрального клапана 1степени». Полиартралгия СНФК1. Гипертоническая болезнь 1степени, низкого риска.Поверхностный гастрит. Хроническая железодефицитная анемия. Отто кум бар, коздо тамыр кургаган (он коздун тамыры). Доктурдун койгон капельницасы, берген таблеткаларын организм кабыл албай, тамак да иче албай ооруп калдым. Молдого да дем салдырып кордум. Оттон приступ берип, катуу ооруп, умутум узулуп ыйлап отурсам уулум Нурлан келиним Айпери: « Арча Бешикте Кубанычбек табып байке бар экен интернеттен окудук барасызбы»-дешти. Мен дароо эле макул болуп телефон номерине чалышты.Эртен саат кечки 7ге келиниз деди. Эртеси барсак жубайы Салима жылуу кабыл алып, сиздер кутуп отура турунуздар, кезек менен кириниздер деди. Кезек келип Кубаныч табыпка кирдим. Дуба кылып тамыр кармап менин диагнозумду толук айтып берди. Мендеги умут Кудай буйруса айыгат экенмин деп ишенич пайда болду. Эртенден баштап 12кун сеанска катышыныз деди. Мен дароо макул бодум ыраазычылык билдирип. Сеанска 14кун катыштым №1.№2.№3 даары чаын ичтим. Дарылоо учурунда коп белгилер билинип турду. Оорум козголду сабырдуулук менен Алланын кудурети менен Азиз периштелердин дарылоосу менен Кубаныч табыптып илиминин кучу менен коп оорумдан айыктым.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *