Уулдуу жана кыздуу болдук!

               Саламатсызбы Кубанычбек байке, ден-соолугунуз жакшыбы, үй бүлөӊүздөр менен тынч, амансыздарбы?

Менин сизге кат аркылуу ыраазычылык билдирүүмдүн себеби: мен уулум Сталбекти төрөгөндөн кийин сегиз жыл – 2003-жылдан 2011-жылга чейин ден-соолугума байланыштуу башка бала төрөй албадым. Көп жерден дарыландым, элдик дарыгерлердин дарылоосунда да болдум, эки жолу боюма бүтүп көп убакыт өтпөй эле балдарым өспөй, боюмдан түшүп калды. Сиздин табыпчылык касиетинизди Айдарбек Сарманбетов агайдын жазган китебинен окуп, 2011-жылы май айында Бишкек шаарына келип сиздин кабыл алууӊузда болуп дарылануу үчүн он эки күн сеанстарыӊызга катышып, сиз окуп, дем салып берген дары чайларды ичип дарылообуз бүткөндөн кийин үйүбүзгө кеткенбиз. Кудай Тааламдын амири менен периштелердин касиети жана сиз окуган дубалардын таасиринин күчү биздин ден-соолугубуздагы ооруларга шыпаа болду. Тагыраак айтканда уулумдун буту көп ооруучу, азыр такыр оорубайт.

Озүм тууралу айтсам: сизден дарыланып келгенден кийин сентябрь айында кош бойлуу экенимди билип сизден дагы кошумча дары чай алдырып ичтим. Сизден шыпаа болуп 2012-жылы 14-июнда эркек уул төрөдүм. 2013-жылы болсо 1-августта кыздуу болдук. Уулумдун атын Арсен, кызымдын атын Нагима койдук. Баарыбыздын сүрөттөрүбүздү  сизге жөнөттүк. Алла Таалама миӊ мертебе шүгүр келтиребиз.

Кубанычбек байке, Салима эжеке, сиздерге чыӊ ден-соолук, узак өмүр каалайбыз, аман болуп кєп жашаӊыздар. Бизге  балалуу болгонго себепкер болгон элге белгилүү жазуучу Айдарбек Сарманбетов агайга да тереӊ ыраазыбыз.

Келе жаткан Жаӊы жылыныздар менен.

 

           Ширинбү, Баткен облусу, Кадамжай району, 25декабрь 2013ж.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *