Асаналиева Гукужан Асаналиевна
Асаналиева Гукужан Асаналиевна
Матай уулу Кубанычка келген себебим төмөнкүчө: мен ооруп доктурга көрүнгөндө анализдерим начар чыгып, рентгенден өткөндө – менин боорум ооруйт, өттө таш бар, кан басымдуулугум жогору деп көрсөткөн. элдик табып Матай уулу Кубанычка келдим. Кубан табып колдун тамырын кармап көрөт экен. Мен эмне дарт менен келгенимди ачык айткан жокмун. Тамырымды кармап көрүп, ушул дарттарымды билип айтып берди. Бордо шишик бар, өттө таш бар, кан басымдуулук өтө бийик, бут муундарын ооруйт экен, көзүӊүз да ооруйт экен деп, айтып берди. Кубанычтын сеансына он беш күн отурдум, ушул ооруларга каршы даарыларды ичип, бир айдын ичинде толугу менен айыктым, 20 кг арыктадым. Ошол жерден бир айдын ичинде кыргыз жергесинен келген түрлүү оорулар менен келген адамдарды кезиктирдим. Мисалы: рак ооруусу менен келген адамдар. Алар өзүбүздүн кудачабыз Шаршекеева оорусунан айыкты. Арак ичкен, чылым чеккен, наркотик чеккендер да, төрөбөгөндөр да келип төрөп жатышат.
Кубан уулубузга чоӊ рахмат, иштерине ийгилик каалаймын, өмүрүн узун, ден соолугун чыӊ болсун!
13 декабрь 2010 жыл
0 Comments