Нурлан уулу Урмат
Мен сиздерге айтайын дегеним. Менин дарылануум жөнүндө. Күндөрдүн биринде күндөгүдөй эле кайталанма жумуш болуп жаткан. Бир күнү бир нерсеге жинденип маанайым жок эле , жүрөгүм кысылып ооруй баштады. Ары бастым бери бастым болбойт, өзүнчө эле кыйналып жатканымды биллем, анан эле кулап калыптырмын. Эч нерсе билбейм, ойгонсом апам, байкемдер суу чачып мени эс алдырып жатышыптыр. Тез жардам чакыртыптыр, алар укол сайып 1-күнү больницага баргыла дешти. Барган жокмун. Оорум адат болуп калды, кайгырсам, жинденсем эле колу бутум тырышып, кулап калчу болдум. Эс алгандан кийин тургум келбей кечке уктачумун. Кубан байкеге таэжем , иним барып даарыланган. Мен дагы барып дарыланайын деп ниет тилек кылып Кубан байкеге дарыланганы келдим. Кубан байке мени көрүп 12 күн сеанска келсин деди. Алладан суранып ниет кылып, дуба кылып отурдум. Чай окуп берди, алгач иче албай кыйналдым. Жүрөгүм айланып , кускум келет. Анан көнүп кеттим. Алланын жардамы менен Кубан байкенин дубасы менен буюрса жакшы болуп кеттим. Ал оорум кайра кармай элек, кудайга миӊ мертебе шүгүр. Больницага барсам дагы канча күн жүрөт элем ким билет. Мен Аллаадан сурайт элем Кубан байкеге, Салима эжеге Алла ден соолук, узун өмүр, үй бүлөсүнө ынтымак, балдарынын урмат сыйын көрүп, колдоруна дагы дагы күя кубат беришине көптөн көп тилектешмин. Оорубагыла көп жашагыла. Оомийн.
0 Comments