Сатыш кызы Чолпонкуль
Мен бул кызыкты жазып калтырганымдын себеби:- мага окшогон дартына даба, илдетине шыпаа издегендерге, ишенич үмүт алып келеби деген ойдомун.
Мен бул бир тамчы суудай болгон, Кубаныч табып менен жубайы Салима эже тууралуу айтчу сөздөрүм көп болсо да, ошолордун ичинен бирөөнү, тагыраак айтканда, бир чудосун айтууну чечтим.
Жараткан Аллага тобо кылуу менен, Азиз периштелерге ыраазычылык билдирүү менен сөзүмдү баштайын: –
Мен Сатыш кызы Чолпонкул, 2008-жылдан бери «Киста-миома матки» менен, анан жүрөк оору менен жабыр тартып келдим. Врачтардын көзөмөлүндө болдум. Даарынын түрүн, уколдун түрүн алдым, айтоор барбаган жерим калган жок.
Күндөн күнгө абалым оорлоп, эсимди жоготконум көбөйүп, акыры кан куйдур дешти, анткени айыз такыр токтобой калган. Бир тууган эжем Роза, Кубан табып тууралуу айтып, менин ага баруумду суранды, бирок, өзүм чыгынып барган жокмун. Күндөр өтүп абалым оорлоду.
Ушундай күндөрдө айылдан апам келип, мени Кубан табыпка алып келди. Бизди жылуу кабыл алып, эртен сеанска келгиле деп айтты.
2011- жылдын 19 сентябрдан баштап барып баштадык. Чай окуп берди, чайды ичип, сеанска да келип жаттык.
26 – сентябрь күнү эртеӊ менен даарат алып чайды демдедик, таспа тартып баштадык, столдун үстүндөгү демделген чай калдырап баштады, карап отурсам кадимки газдагы чайдай болуп, кайнап баштады, мен коркуп кеттим, ордумдан туруп эшикке чыгайын десем, апам олтур-олтур деп кармап, тартып отургузду, бир аз туруп анан дымып калды. Кызыгы, ичүүдөн да коркуп турдум, бирок табыптын айтуусун так аткарсан, эми-деми тийет деп айткан Салима эженин сөзүн эске алып, чайды ичтим. Уйкум ушундай таттуу тынч болду.
Буга чейин менде ишенич эле болсо ушул күндөн баштап, айыгам деген чоӊ үмүт ойгонду. Биз 12 кун сеанска катыштык. Азыр 2 айдын жүзү болду. Эсимди жоготконум бир да жолу байкалган жок.
Акырындап бары өз калыбына келип баратканын сезип жатам. А апам болсо бутунан баса албай келген, артроз болчу, азыр өзү басат, жетелебейбиз. Бору, оту оруучу азыр бары жакшы.
Азыркы учурда байкем Нурлан даарыланып жатат.
Айтоор биздин кубанычыбызга чек жоктой. Эми мен сөзүмдүн акырында эмне дейм:- мына бул эки көпүрө аркылуу Алланы тааныдым, периштелер бар экенине ишендим.
Апам экөөбүз Кубан табып менен жубайы Салима эжеге, узун өмур, чексиз бакыт, чыӊ ден соолук каалайбыз!
Көп жашагыла Байке, Эже!
0 Comments