Кенжеш кызы Кукун
1942- жыл
Токмок шаары

2020-жылдын июнь айында апамдын кан басымы 200/120га которулуп, кусуп ооруп калды. “Ичим ысып, куйуп жаткандай болуп ооруп жатат” деп кыйналып жатты. Ошол учурда пандемиянын куч алып турган убагы болчу. Токмок шаардык жана Чуй райондук ооруканаларына барганыбызда, бардык оорулууларды обцервацияга жиберип жатыптыр. Бизди да ошол жакка жиберишти. Апамдын  ооруган жерлерине маани бербестен коронавируска каршы укол сайып эки кун даарылашты. Эч натыйжа чыккан жок. Жакшы болбой кыйналып жаткандыктан частный больницага алып бардык. Врачка кирууго кезек кутуп турганыбызда, апам окшуп кускусу келип кыйналып жатса, врач кабинетинен чыгып, “силер коронавирус менен ооруп жатасынар, бул жердеги адамдарга жугузасынар, силерди кабыл албайм дегендиктен, биз кетууго аргасыз болдук. Кайрадан Токмок шаардык хирургия болмуно алып бардык. Хирург УЗИден текшерип коруп “хронический панкреатит” деген диагноз коюп, хирургия болумуно жаткырды. Гастроскопиядан ашказанын текшерген врач “апандын ашказанында язва эмес гастрит жок экен” деп айтты. Ошондо Кубан байке  эки ай мурун апамды даарылап жаткан учурда текшерип коруп, ички органдары таза жакшы экен деп айтканын эстедим. Апам больницада жаткан учурда Кубан байке менен Салима эже Алайда отпускада болушчу. Кудайдын буйругу экен телефон чалып байланыша алдык. Кубан байке апама эки жолу тазалоо жургузуп, уч термос дары суу окуп берип, аралыктан даарылап  козомолдоп турду. Апанда коронавирус болушу эч мумкун эмес, бир аз жакшы болсо эле ооруканадан тезирээк кетуубузду эскертти. Апам озун жакшы сезе баштады. Врачтар дагы бул жер кооптуу болуп жатат, коронавирус жугуп калбасын деп уйго чыгарышты.

Кубан байке менен Салима эжеге апамдын атынан жана биздин уй-булоонун атынан терен ыраазычылык билдиребиз. Чын ден соолук, узун омур, уй-булоосу менен аман болушсун. Дартына даба издеп келген миндеген адамдарды сакайтып алкышынв  ээ болунуздар.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *