Д/з    «Инсульт»

      Саламатсыздарбы менин атым Жылдыз, Бишкек шаарынан болобуз. 2017ж. апам Абдраимова Жумаилда инсульт алды. Тактап кетсем инсульттун ар кандай турлору болот экен. Апам алган инсульт эч белгисиз отуп, баштын ичиндеги мээге доо кетирди. Аны дагы биз бир жылдан кийин Корея олкосунон билдик. Биздин врачтар так диагноз кое албай, туркун мед.  препараттар менен апамды кыйнашты. Ошентип алты айдын ичинде апамдын эс тутуму начарлап, суйлоо, ореинтация, моторика рефлекстери жоголо баштады.

    Улуттук госпиталь, мед.  центр «Кортекс», кардио центр, санаторий Воронцовка айтор барбаган жерибиз калган жок. Тааныштарды салып биздин белгилуу профессорлорго кайрылдык, бирок жыйынтык болгон жок. 2018ж. октябрь айында Корея олкосуно учуп кеттик. Сунченхян мамлекеттик ооруканада эки жума обследование отуп, ошол жерден так диагноз коюлду. Апамдын мээсинин коп жери олуп, карт болуп жыйылып калганы ПЭТКТ снимоктон корунуп турду. Андай суротту жасоочу аппарат Россиянын 3-4 эле шаарында бар экен. Ал жерден апамдын биринчи инсульттан коп узабай экинчиси болгону дагы аныкталды. Бул инсульттун ушундай туру экен билинбей белгисиз отот экен. Убагында так аныктап тез жардам бергенде бизде коп мумкунчулук болмок экен. Тилекке каршы, арадан бир жыл отуп кетти. Биз дагы жана башка эч ким силерге жардам бере албайт деп Кореянын врачтары апама «Кистозный глиоз обеих полушарий головного мозга» жана дагы «Сосудистая Деменция» деп диагноз коюп беришти. Кореядан келгенден кийин, эки айдан кийин апабыз бизди тааныбай тил ооздон калды. Аргасыздан чет олколордун ар кайсы жерлеринен тааныш издеп, Германия, Турция, Россия жана башка шаарлардан туркун даарыларды алдырып ичире баштадык. Бирок апамдын абалы кундон кунго начарлай берди.

     Кубаныч байкеге кайрылган кезибизде апама кашыктап тамак ичирип, памперс колдонуп калганбыз. Эки курс лечение откондон кийин, Кудайыма шугур апабыз кашыкты кармап озу тамактанып, аз да болсо создорду суйлоп, аракет кылып жатат. Кубаныч байкеге ыраазычылыгыбыз айтып бере алгыс. Апан 65 эмес 100жашка чыкса дагы, бир кун болсо да кашыбызда болсун деп ар бир бала суранып келет. Ошол бир кунду бизге белек кылып берген Аллахыма, Кубаныч байкеге, Салима эжеге чон таазим этебиз.

                                                                                                 Жылдыз


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *