Мен 2018-жылдын, октябрь айында турмушка чыктым. Жолдошум жалгыз бала болгондуктан копчулук элдин батасы «Коп балалуу болгула» -деп жанырып турду. Арадан бир аз убакыт откондон кийин, ошол эле элдердин суроосу бала жонундо эле. Ошентип, 3-4 ай откондон кийин боюмда болбой жаткандыгына байланыштуу больницага бардым. Бири эрозия десе, бири полип деп эч бир врач так диагнозду айткан жок. Жолдошум экообуз бир жылга жакын даарыландык, жыйынтык болгон жок. Ошентип 2019ж. сентябрь айында Салима эже менен байланышып Кубан байкеге келдик. Кубан байке жолдошум экообузду кабыл алып, сеанска отуруп, даары чай ичип даарыланыш керек экендигин айтты. Биз дароо эле даарылана баштадык. Ошентип бир аз убакыт откондон кийин эле мен кош бойлуу экенимди билдим. Биздин кубанычыбызда чек жок эле. Журогубуздо Жаратканыма жана Кубан байкеге болгон ишеним, ыраазычылык жана дагы коптогон эмоциялар толуп турду. Кош бойлуу кезимде да келип даарыланып журдум. Врач жазып берген даарыларды албай эле, даары чай ичтим. Кундор отуп 2020ж. 8июлунда биз уулду болдук.
Биз азыр балабыздын кун сайын жаныланып чыгып жаткан кылыктарына суйунуп турган кезибиз. Кубан байкедей табыптын бар экендигине ыраазымын. Жаратканыма мин мертебе ыраазымын! Бизди ата-эне болуу бактысына бологон Жараткан Аллага шугурлор болсун!
Кубан байке Жаратканым сиздерге куч-кубат, чын ден соолук, узун омур берсин, эч бир жакшылыктан кем кылбасын. Сиздерге чон ырахмат, ыраазычылыгым чексиз.
18.11.2020ж.
0 Comments