Д/з «Кок жотол»
Мен Келдибек кызы Жазгул, табып, элдик даарыгер Кубанычбек байкени таанышыбыз аркылуу угуп, 2013ж.сентябрь айында жолдошум экообуз жолугууга келдик. Мен ал кезде бутум ооруп баса албай келгем. Врачтар омурткада грыжа бар деп диагноз коюшкан. Андан тышкары уулдарым кичинекей эле, экинчи уулумду эмизип, озум абдан арыктап, бир аз кыймылдасам эле алым кетип, башым ооруп, абдан кыйналып журчумун. Байке тамырымды кармап коруп, менин боорум, ашказаным, муундарым, башым ооруурун айтты. Ошентип сеанска келип баштадым. 12кун сеанста отуруп, даары чайларды ичип, даарыланып озумду жакшы сезип калдым. Тамакка табитим ачылып, женилдеп мурункудай шайдоот кыймылдап, бутум да оорубай, салмагым да кошулуп, абдан жакшы болуп калдым. 2015ж.август айында кичуу кызым 6айында жотолуп ооруп калды. Кубан байкелер отпускта болгонуна байланыштуу врачка кайрылдык. Педиатр врач кызыма укол жазып берди, 5кун алдык, эч жылыш болбоду, жотолу кучой берди. Барбаган врачыбыз калган жок, акыры инфекционный больницага барсак «кок жотол» (коклюш) деп диагноз коюп жаткырышты. Ал жакта 10кун жаттык, эч жылыш жок, укол алып жаттык, жылыш болбогондуктан чыгып кеттик. Салима эжеге тынбай телефон чалып жаттык, эже жакында келишээрин айтып жатты, кызым болсо жотолгондо ыкшып жатып когоруп калып жатты. Кудайдан тиленип, байкелердин келишин кутуп жаттык. Келип эле бизди кабыл алышты, Кубан байке кызды коруп, срочно сеанска келишибизди айтты, кыздын жотолу опкосуно отуп баратканын, иммунитети тушуп, антибиотик даарылардан бооруда абдан жабыркаганын айтты. Кызым ал убакта таптакыр алы кетип, аран эле эмчек эмип калган эле. Байке даарылап баштады, эмизгениме байланыштуу даары сууну мен ичип жаттым, 2-3 кунуэле жотолгону азайып, кызымдын табити ачылып тамак жеп, мурункусундай кулуп, ойноп баштады, 7-8кундору жотолу таптакыр кетти. Кудайга мин мертебе шугур, Кубаныч байкенин Азиз периштелери жана Алла тарабынан берилген керемет касиети аркылуу кызыбыз алышкан жотолунон так, таза айыкты. Азыр жакшы, чуркап ойноп, тили чыгып суйлоп журот. Андан кийин эки уулубуз да жотолуп, аларды да даарылады. Кубаныч байке менен Салима эжеге терен, чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз, сиздерге чын ден соолук, узак омур, уйбулоолук бакыт, ишиниздерге ийгиликтерди каалайбыз. Бактылуу болунуздар!
Алмаз, Жазгул 2016ж.31октябрь
0 Comments