Ыраазычылык кат!
Бисмилляхир Рахманир Рахиим! деп Жаратканыма жалынып, тооба кылып, ден соолугума, омурумо аралжы болгон Кубан байкеге, Салима эжеге терен ыраазычылыгым менен созумду баштайын. Менин жашоом озунчо эле жомок, 2005жылы мен ооруп калдым, врачка барып корунуп, врачтан врачка отуп журдум, туура так диагноз коё алышкан жок, эжекем мени Кубан байкеге алып келди. Кубан байке, мен элден эмнегиз ооруйт деп сурасам, сизден эмнениз оорубайт деп сурайын, сиздин оорубаган жериниз жок экен кечирээк келипсиз колумдан келгенин жасайын деди. Ошентип сеанска келе баштадым. Кызыгы элдер кундон кунго жакшы болсо, мен кундон кунго алым кете баштады. Кубан байке мени чакырып врачка барыныз деп жонотот, мен кайра эле келип алам, болду эртен врачка барыныз деп жонотту мен макул дедим, бирок уйго зорго эле жетип жыгылдым, ойлоп коем эртен врачка кантип барам деп Кайсы жерим ооруганын озум деле билбейм, тырмагымдын учуна чейин сыздайт, мындайда жамандыктан башка ой ойлобойт экенсин, эне учун балан гана биринчи орунда турат эмеспи, балдарымды ойлойм, эмне болот ким карайт жалгыз кызым озумо окшоп кимге кор болот деп ойлосом тура калып чуркап кетким келет, айла жок акыбалым жок, менин бир гана дарманым жаратканга гана жалынуу болду, ошентип ыйлап жалынып жатып уктап кетипмин, эшик ачылып эки кара кийимчен киши кирди, сездим мага келди деп, келме келтирип жараткандан, апа атаман, кубан байкенин периштелеринен суранып тиленип жатам деген ой, бирок мен таштай катып калгандаймын, бирок журогумдо дагы эле жараткандан балдарым учун, омурумду сурап жаттым, мен кинодогудай жатканым боюнча ойдо которулуп терезенин тушуна бардым, эки киши бирин бири карады да, мени кайра ордума коюшту, таштай каткан денем, ушундай бир жайылып жаным жай ала тушту ошо боюнча катуу уктаган экенмин эртен мененки сегиз болгон экен, туруп эле чай ичип алып Кубан байкеге жонодум.
Кубан байке сеанстан кийин кабыл алды, мен болгонун айттым. Кубан байке которо албайт деп корктум эле, котордунуз эми келе бериниз деди. Бул айтайын дегеним Кубан байкенин коро билгени жана Жаратканымдын мага берген сыноосу жана жардамы болду, ошо учурда жок дегенде ушу кызымды тууруна кондуруп, балдарымды болуп алсам деп тиледим эле, эми Кудайга шугур! Кызым оз очогун тутантып отурат, балдарымдын баарысы окууларын бутушуп оз туйшуктору менен алек, эки комнат времянкабыз эки кабаттуу уй болду, озум болсо врач деген менен ишим жок.
Кубан байкеден жылына бир жолу профилактикадан отуп коем, ден соолугум жакшы. Мени Кубан байкеге жолуктурган жаратканыма мин мертебе шугурчулук жана мага себепчи болуп алып келген эжекеме да ырахмат. Менин омурумо, ден соолугума, уйбулоолук бактыма себепкер болгон Кубан байке менен Салима эжеге Жаратканым эки дуйнодогу бактылуулукту берсин, мен сиздерге мин мертебе ыраазымын. Аман болуп бар болунуздар мен сиздерди чын журогумдон жакшы кором.
Мамбетова Айтбубу. 2021ж.
Бул катты мен ошол убагында эле жазсам болмок, бирок мен озум жонундо эч ким билбесе деп ойлочу элем, ойлонуп отурсам мен сиздердин жардамыныздар менен журогумдо ойлогондордун баарысына акырындап жетип келатам, буга да шугур кылайын, балким менин бул тагдырым бироого сабак болуп жардамы тийеер деген ой келип жаздым бар болунуздар.
0 Comments