Ыраазычылык кат.

Мен Ашимова Санирабия Аллахка чексиз ыраазымын, себеби биздин кыргыз элине Кубанычбек байкени (кучтуу табыпты) Салима эжени жаратып койгондугу учун. Чындыгында, Аллахым бул инсандарды – биз сыяктуу ооруга шыпаа издеген пенделери учун жараткан сыяктуу. Тушунуктуу болуу учун озумдун башыман кечирген кундорум жонундо айта кетейин: 

Менин уулум Мухаммад 8ай кезинде денесин кызыл басып, шишигенинен коздору жумулуп, дем алуусу начарлап тез жардам менен ооруканага тушуп калдык. Анда врачтар тамак аштан аллергия деп, дексаметазон жана башка аллергияга каршы даарыларды сайып айыктырып чыгарышты. Андан 3 кун отпой кайрадан жотолуп, эти ысып температура, отдышка болуп , тез жардам менен кайра больницага туштук. Анда 2 тараптуу пневмония деп, цефотаксим, сальбутамол капельница менен даарылап чыгарышты. Уйго келип 5кун дегенде кайра эле жотол , отдышка, температура менен дагы больницага жаттык. Анда Острый обструктивный ларенгит (КРУП) деп цефтраксон, ингаляция, сальбутамол, капельница менен даарыланып чыктык. Уйго чыгып 4кун дегенде кайра эле баягы жотол, температура , отдышка менен дагы ооруканага  туштук. Кайра эки тараптуу пневмония деп диагноз коюп, кучтуу антибиотик сульванзеф, сальбутамол, капельница менен даарылашты. Уйго чыгабыз оорусу кайталанып эле жатты. Эмне деген кучтуу даарыларды ичирбедим: Азит, Цефзин, Кларион, Меристат тамыры аркылуу жогорудагы антибиотиктерди денесине куюп эле жатышты. Баламдын тамыры качып улам сайгылаганда, балам менен кошо озум да ыйлап, дем алуусу начарлаганда мага да дем жетпей, канчалаган уйкусуз кундор отту. Эн кучтуу деген педиатр, пульманолог-фтизиатр, аллерголог врачтарга алып барбадым. Врачтардын да айласы кетти. Эшикке алып чыкпа! Диета сакта! Конокко барба! Силерге да конок келбесин! Режимди алар айткандай сактасак да балам ооруй берди. Акырында организми да даарыны сезбей, кабыл албай калды. Жараткан Аллахым озу ырайым кылып, Алина атту тааныш кызымдан Кубанычбек табып жонундо угуп калдым. Балам ото оор кезинде, эми кайра тез жардамга чалайын деп турсам, эжем чалып эртен табып саат 12.00 кабыл ала турган болду дегенде, баланы ыйлап которуп журом эртенкиге чейин чыда балам, чыдашыбыз керек деп. Акыркы умутум ушул жакта эле.  Ошондогу тунубуз бир кылымга тете болуп, айтылган убакыттан эрте келип кутуп турдук. Бизди бат эле кабыл алышты. Ошол кундон тартып балам жакшы боло баштады. Биринчи эле куну бетиндеги шишиктери кетип, кызылы кетип колдору жумшара баштады, экинчи куну буттарындагы шишиктери кетти. Ичинен (калынан) капкара чакычка окшогон чоюлчаак неме чыкты, 2 кундой аябай кусту, опкодогу хриптер чыгып, температура болбой калды. Учурда даарыланып жатканыбызга 1жума болду. Баламдын абалы Аллага шугур жакшы.

Урматту Кубанычбек байке Салима эже сиздерге Аллах ыраазы болсун! Ылайым омурунуздор узун болуп, элдин алкышына ээ болуп жаркырап журо бериниздер! Буйруса дагы канчалаган пенделердин дарттын айыктырып, омуруно бакыт, кубаныч тартуулайсыздар деп ишенем. Аллахка жана себепчи кылган сиздерге чексиз ыраазымын. Сиздер оз кесибиниздердин мыкты , кучтуу адамысыздар! 

Ашимова С.Р. 

10.11.2019ж.

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *