Ыраазычылык кат!
Бул катты жазганымдын себеби: мага окшогон адамдар ишенимге ээ болуп, айыгууга умуттору очпосун дегеним. Кубанычбек табып жана жубайы Салима эже жонундо жазганым бул дениздеги бир эле тамчы, омур баянымдын бир гана эпизоду. Ушул эпизод керемет жонундо айтып берейин. Аллахка Шугур! Периштелерге ыраазычылык менен баштайын: мен Сатыш кызы Чолпонкул, 2008жылы менден киста миома жана журогумдун ооруганы аныкталды. Врачтын козомолундо болдум, коптогонт даары, уколдорду алдым, кандай гана врачтарга корунбодум. Кундон кунго алым кетип, эсимен танып коп кулачу болдум, акыры кан куюш керек дешти себеби айызым токтобой келип калган. Роза эжем табып жонундо айтып кайрылуумду сунуштады, бирок мен барганга батынган жокмун. Кундон кунго акыбалым начарлай берди. Бир куну апам айылдан келип, Кубанычбек табыпка мени алып келди. Кубанычбек табып бизди жылуу кабыл алып, эртеси сеанска дарылоого кел деди. 2011ж. 19сентябрдан баштап дарылоом башталды, сеанска келип, даары чай ичип баштадым. 26сентябрь куну эрте менен туруп, даарат алып, чайымды демдеп апам экообуз теспе тартып отурсак эле, демделген чайнек быркылдап кайнай баштады, чоочуп коркконуман болмодон чыгып кетейин десем апам тынчытып отур деди, бир аздан кийин чайнектеги чай да тынчыды. Салима эженин баардык шарттарды туура жана так аткарыш керек дегенин эстедим. Чайды ичтим, ичип бутуп эле ушундай бир тынч уйкуга кеттим. Буга чейин айыгам деген умут бар эле, эми ушул кундон баштап менде бекем ишеним пайда болду. 12кун сеанска отурдум. 2айдан кийин эсимен танып кулаганым токтоду, ден соолугум калыбына келип жатканын сезе баштадым. Апам болсо артроздун айынан баса алчу эмес. Азыр болсо басып журот, боор, бойроктору, сахары калыбына келди. Учурда Нурлан байкем да дарыланып жатат. Ушул кереметтерди коргондон кийин Аллахтын куч кудуретине, периштелерге ишендим. Апам экообуз табып Кубанычбек байкеге жана Салима эжеге узун омур, бакыт жана бекем ден соолук каалайбыз!
Байке, эже узак омур сурунуздор!
20ноябрь 2011ж.
Сатыш кызы Чолпонкул
Апам: Медет кызы Каныкей
0 Comments