Ак бата

15 мая 2010 года

Биссмилларих рахмонир рахиим

Мен, Тилеген ажы кызы Бубуталип ажы  Матай уулу Кубанычтын, атагын угуп, китебин окуп, мен дагы Кубанычка көрүнгөнү келдим. Кубаныч менин тамырымды кармап көрүп, «бооруӊуз ооруйт  жана кан басымыӊыз жогору экен, айыктырса болот» деди. Кубанычка көп түрлүү улуттагы түрдүү ооруулар менен келишет экен. Мисалы: рак менен ооругандар, арак менен ооругандар, инсульт, жүрөк менен ооругандар, түрдүү тери оорусу менен ооругандар жалпы ички органдар боор, өпкө, ашказан, өт, 12 эли ичеги геморрой ж.о.э. бала көрбөй жүргөн уй бүлөөлөр келип корүнүшөт экен. Кубанычка Алла адам баласынын ичиндеги сейрек кезделе турган эӊ чоӊ дарамет касиет берген экен. Бул Кубаныч Матай уулу баардык ооруларды изилдөөчү борбор болуп эсептелет. Кубанычка кайрылган оорулулардын дээрлик баары сакайып, ыраазычылык билдирип кетишет. Андан тышкары медицина илими изилдей элек оорулар мисалы:

1)      Жин

2)      Рак

3)      Көз тийген

4)      Адамдын аурасы бузулуп, тескери дуба окугандарды

5)      Хирургиялык ооруларды бычаксыз операция кылат. Ушул ооруулар боюнча түрлүү профессорлор доценттер бар. М: жүрөк оору боюнча Иса Ахунбаев, хир.боюнча Мамакеев жана Т.Аралбаев, онкология док.пр. Р.Аралбаев жб. терапия боюнча Ж.Аралбаева ж.б., дерматолог боюнча ушу профессорлор жактаган ооруларды Кубаныч өзү айыктыра алат.

Кубанычка окшогон касиеттүү адамдар кыргыз элинде мурунтадан ата бабалардан келе жаткан мурас катары, м: Калыгул ата көрүп, билип айтып турган ушу биз жашаган заманды алдын ала айткан. М: Тоо түбүнө чейин шаар курулат, бир тешикте кезеке туруп  тамак алып ичишет деген. Кой үстүндө торгой жумурткалаган жакшы заман болот деген. Кийинка заман бытчыт болуп кетти, аягын биле албай калдым деп, ачык так айткан. Мурунку ата бабаларда Касида окуган, кара сууну отсуз кайнаткан, жөнөкөй сууну музга айландырган касиеттүү адамдар болгон. М: менин атам Тилеген, элдин айтуусунан эки арыктагы сууну дуба менен бир арыкка бурган. Чайнектеги сууну асма тулгага илип отсуз кайнаткан. Айбанаттардын тилин жана куштардын тилин билген. Булар жөнүндө Капсалан уулу Карбек жана эжекем Сайкал айтып беришкен. Сайкал эжем азыр 89 жашта. Себеби Атамды чоӊ молдо деп, түрмөгө камаганда, намаз окуганга уруксат бербей койгондо, түрмөдө отургандарды уютуп, дуба окуп коюп, өзү кулпун ачкычсыз ачып намазын эшикке чыгып окуп келчү экен. Бирге отурган түрмөчүлөр айтып келген. Бошогон актык кагазын алып барганда ооруп жаткан атам мага топурак ушул жерден буйруган деп келген эки кишиге жаназамды окуп, ушул жерге көрүстөнүмдү кеӊ касып, мусулманча көмүп кеткиле деп, буюмун, кийим кечесин, акчасын берип жиберген. Азыркы замандын олуясы Кубаныч Матай уулу Куран тили боюнча Мужис – деп аталат. Себеби Кубаныч оорууган адамдын дартын өзү көрүп билип, ошого жараша дарылап айыктырат. Аллахка ыраазыбыз ушундай касиеттүү адамды кыргыз элине алып келгендигине.

Бары Аллахтын кудурети менен Кубанычтын Алла берген касиети, миӊ деген  ооруган адамдар айыгып кетип атышат. Кубанычка мен дагы ыраазымын. Аллах Кубанычка тура жол көрсөтүп, ишине ийгилик узак өмүр, мол ырыскы, дагы ачыла элек сырларынан ачсын. Илимине илим, касиетине касиет, кошсун.

Ишин көмөктөшүп аткан жубайы Салимага да элден Аллахтан ыраазычылык болсун.

Оомиин Бубу апан


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *