Ыраазычылык каты.

       Бизге Кубанычбек байке менен Салима эжени даарыгер катары жолуктурган Улуу Кудайыма ыраазымын. Ошондой эле Кубаныч байке менен Салима эжеге Кудайым узак-узак омур, бекем ден соолук, бакыт –таалай насип кылышын тилейбиз. Жана бул эки адамга терен ыраазычылыгымды билдирем.
   Биз 2018ж январь айында Кубанычбек табыпка корунгону келдик. Уулум Айтегин 5жашынан тарта ден соолугу начарлап, ооруп баштады. Башы ооруп кусчу болду. Врачтарга кайрылып башын тарттырсак «Арахноидальная киста» деген диагноз коюшту. Ошону менен врачтардын козомолундо даарыланып баштадык. Бирок 7-8жашында башындагы кистасына «Двухсторонний гайморит» деген оору кошулду. Баламдын башы абдан катуу ооручу. Башын кармап тыбырчылап эле ыйлап жатчу. Мектепке кээде айлап бара албай калып журду. Акыры Кубаныч байке жонундо кайын эжемен уктук дагы, мындан туура 1жыл 8ай мурда келип даарыланып баштадык. Келгенибизде уулум Айтегиндин абалы ото оор болчу. Башы , ашказаны, табарсыгы, бели чыдатпай ооручу. Салмагы озунун жашына салыштырмалуу алда канча оор болуп, 12жаштагы бала 85кг болчу. Кубаныч байке уулумдун тамырын кармап коруп, абдан кейигени эсимде калды. Башындагы киста, гайморит, ашказаны, табарсыгы, белинен сырткары боору чоноюп, кан айлануусу  начар экенин да Кубаныч байкенин айтканынан улам билдик. Жаны даарыланып баштаганда, азыр сеансты которо албайт уйдон суу ичсин деди. Анткени чайды да которо албайт деди. Уйдон даары суу ичип атканда уну Кудайга жеткендкей кыйналды. Жаны ушунчалык кыйналганынан тошоктун устундо чимирилчу. Башы аяк жакты, буту баш жакты карап калчу. Бир айга жакын ушундай абалда болду. Бир сеанс откондон кийин, удаа эле экинчи сеанска кабыл алынды. Экинчи сеанс буткондо кадимкидей, биринчи жолу башы оорубай, оорудум дебей балдар менен ойноп жашнакай болуп журуп калды. Ушул кунго чейин торт сеанс алды. Азыр салмагы тушкон, бою оскон, мурдагы кундордогудой оору менен алышып, тыбырчылап тошокто жаткан кундору отуп кетти буйруса.
Кубаныч байке, Салима эже, Кудай улук! Уулумдун айыгышына сиздерди себепкер кылып жолуктурганы учун Кудайга ыраазымын. Бар болунуздар! Узак-узак жашап, коптогон адамдардын айыгуусуна себепкер болуп, эчендеген адамдардын сообуна калып аман журунуздор. Мен сиздерге абдан ыраазымын.

Афина Б.

10.09.2019ж.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *