Жолдошбек уулу Эдик
Мен Кубанычбек байкеге көрүнүп жатканыма эки жыл болду. 2011-жылдын сентябрь айларында келгем. Көрүнүп бүткөндөн кийин 3-4 айдан кийин таасир берип бүт денеме жара чыгып анан акырындан кете баштады. Көпкө созулду. Азыр айыгып жакшы болуп калдым. Мен азыр 26 жаштамын. Жарам кичинекей кезимде эле бар болчу. Акыркы он жылдан бери күчөп кетип таптакыр кетпей калган. Кандай кыйналганымды сөз менен айта албайм. Көп кыйналдым. Доктурлар «аллергический дерматит» деп диагноз коюшкан. 26 жашка чыккычы айыга албадым. Азыр Кудайга шугур раазымын. Кубанычбек байкеге да чоӊ рахмат. Үй -бүлөөсү менен аман болсун.
Доктурлар айыкпайт деп, эле ачык айтышкан. Бирок мен Кудайдын бар экенине бир экенине, ислам динин Кудайдын бар экенине бир экенине, ислам динин түшүнгөнүм үчүн качандыр бир кезде айыгам деп ишенчимин. Ушундай шыпаа, ишенич бергенине Кудайга шүгүр кылам.
0 Comments