Алпамышев Рихард

Биссиллахир Рахмаанир Рахим

«Оору айтып келбейт» деп коет экен элде. Анда мен 2004-жылы Кыргыз Улуттук Университеттин 2-курсун аяктап жаткан кезим эле. Бир күнү эртеӊ менен чуркап келип уктап туруп эле сол жамбащымдын ооруп калганын байкадым. Туруп басам ого бетер ооруп чыкканынан кайра эле төшөккө жатып калдым. Көп өтпөй аябай тээрдеп температурам 38- 39 градуска жетип кыйналып чыктым. Апамдар тез жардам чакырышып, инфекционный больницага «Бурцеллез» деген диагноз менен жатып калдым. Бир жума жатсам да ордуман тура албай кыйналып жаттым. Анан борбордук бейтапкананын Хирургия бөлүмүнө которушту. Ал жактан обцесс деп жамбашымды операция жазашты. Бирок бул ооруман жакшы болуп кете албай, элдик табыптарга кайрылып көп жерди кыдырдым. Алладан шыпаа болуп Кубан байкени угуп келип, дарылана баштадым. Биринчи эле күндөрү өзүмдү жеӊил сезип, көӊүлүм ачылып сыздап ооруган жерим басылгандан, мен да жакшы болуп кетет экенмин, деген үмүт пайда болду. Табарсыгымдын тегерегиндеги шишиген жерлерим жарылып, ириӊ менен кан чыгып жатты. Врачтар диагноз коё алышпай мени борбордук Онкологиялык бейтапканага жиберишкенде барбай. Жакшы болсом ушул жактан жакшы болом, айыгам деген чоӊ ишенич менен Кубаныч байкенин дарылоо сеансына барып отуруп ишеничим орундалды.

Аллах тааланын жардамы менен оорумдан толук таза айыгып кеттим. Кубан байкени атамдай көрүп, үйлөнгөндө өкүл ата, Салима эжени өкүл эне болуӊуздар деп сурандым. Убакыт бат эле өтөт экен кыздуу болуп, кызымдын эки бети аллергия болуп, врачтын берген дарыларына ого бетер күчөп кеткенинен  сары суу агып баштады. Атабызга алып бардык. Кудайга шугур кызыбыздын бети эч кандай тырык так калбай айыкты. Атабыздын Аллах талам берген табыпчылык касиети эл үчүн чоӊ жардам. Врачтар кое албаган диагноздорду коюп, миӊдеген инсандарды дарылап айыктырды.алардын ичинде онкологиялык, туберкулез, ар түрдүү оорулар менен жабыркагандарды көп көрдүм.

Келинчегим Айзат кызыбыз Аделина болуп өкүл атабыз менен өкүл апабызга айтар сөздүн гүлүн да таба албайбыз. Чын жүрөгүбүздөн ыраазычылыгыбызды билдирип сакадай бою сары алтын атабыздын үй-бүлөсүнө бакубат тынчтык, чыӊ ден соолук, узун өмүр каалайбыз.

Эӊ негизгиси мен өкүл атамдын жолун жолдоп милиция болгонума сүйүном. Сизге чоӊ рахмат, өмүр бою ыраазымын. Ар дайым биздин бактыбызга бар болуӊуз.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *