Мен, Конокбаев Нурлан Кубанычбекович, 1988-жылы Ыссык-Көл областында туулгам. Менин оорумдун себеби бетимдеги жаранын айынан 2006 жылдан бери айыга албай келгем. Көрүнбөгөн жерим калган жок. Врачтарга барсам ар кандай диагноз коюп коюшат, ар түрдүү дары дармектерди жазып беришет. Эч айыга албай койдум. Акыркы күндөрдү бетиме көӊүл бурбай калгам. Көчөгө чыккандай уялчумун. Бир күнү эжем Кубанычбек байкенин китебин окуп калып, менин диагнозумдагыдай тери ооруларына шыпаа болнонун айтты. Андан кийин дарыгердин дарегин алып кабыл алуусуна бардык. Кубанычбек байке менин тамырымды кармап көрүп, дарылоого кабыл алды. Он эки күн сеанска катышып, №1№2 дуба окулган дары чайларды ичтим. Көрүнө баштагандан эле мага таасир бере баштады. Күндөн күнгө бетим тазалана баштады. Дуба окулган дары сууларды бетимдеги жараларга сүйкөгөндөн кийин, жаралар карттанып, түшө баштады. Азыр Кудайга шүгүр бетим жакшы. Кубаныч байкеге чоӊ ырахматымды айткым келет. Ден соолугу чыӊ болушун жана үй бүлөсү менен бактылуу болушун каалайм.
05.08.2011 ж.
0 Comments