DS: Полиартрит, грыжа, остеохондроз
Мен, Сокеева Мейизкан, 1988-жылы бруцеллез башымдан кармап эске тутумумду жоготуп, бир жылда 3 жолу бруцеллезная ваксина алдым. 1996-жылдан тартып каттуу аллергия болуп, башым, козум, тамагым, бөйрөгүм, ашказаным ооручу. Кийинки убактарда белим грыжа, муундарым ооруп (полиартрит) болуп басалбай күйүгүп , жүрөгум акылдап калды. Көрсө эки өпкөм, жүрөгүм да ооруйт экен. Деги эле оорубаган жерим жок экен. Барбаган жерим да калган жок. Акыры Кубанычбек табыптын дарегин угуп, 2010-жылы Кубанга келдим. Кубан тамырымды кармап коруп, врачтар койгон диагноздун баарын койду. 6 айда 25 кг арыктадым. Андан соӊ 2011-жылдын 20 -апрелинде операция болдум. Операция өтө оор болду (операция кадимкидей наркоз берүү менен башталды. Кубандын «наркоз бериӊиз» дегенин уктум, анан кандайдыр бир көгүлтүр өӊдөгү нерсе учуп келип, мурдума наркоздун жыты жыттанды. Наркоз берилгенден кийин өпкө, жүрөгүм кысылып аба жетпей көпкө кыйналдым. Көптөн кийин акырындык менен ашказанымды, ичегилеримди, женский жактарымды, белимди, жамбаш, буттарымды ачыштырып кескилегендей болуп жаты. Эӊ акырында башым кысылып, кежигем тартылып операция аяктады.
Операциядан кийин кайра жаралгандай болдум. Кубанычбек табып менен жубайы Салиманын өтө таза аруу сезимин байкап «башка дүйнөдөн» келген адамдар деп бааладым. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан Кубанычбек табыпка жана үй-бүлөсүнө узун өмүр, чексиз бакыт, дүйнөдөгү эӊ жакшы баалуулукту каалайм.
Кудайым колдоп элге кызмат кылып, узак өмүр жашасын!!!
Табыптан даарылаганга чейин
0 Comments