Ыраазычылык кат
Мен, Исмаилова Адашбүбү, өзүмдүн чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылык катымды Матай уулу Кубанычбек табыпка жана анын жубайы Салимага билдиремин. Кубанычбек табып жана анын жубайы Салима кудуреттүү улуу кудайдын берген табыпчылык өзгөчө касиети менен канчалаган адамдардын ар кандай дартына даба, илдетине шыпаа берип, дары чай, дары суу жана окуган дуалары менен айыктырып келет. Ар кандай илдеттер менен ооруган адамдар өздөрү издеп келишип, ал жерден, дары чай, дары суу ичишип, окулган дуанын жардамы менен айыгып, ден соолуктарын калыбына келтирип кетип жатканына күбө болдум.
2020-жылы COVID-19 пандемиясы бүт дүйнөнү каптады, миңдеген адамдардын өмүрүн жалмады.
Ошол илдет менен мен да июль айында ооруп,төшөктөн тура албай жатып калдым. Антибиотик алдым, дарынын түрүн ичтим, эч бир жакшы боло албай койдум. Температурам көтөрүлүп, алым кетип, аппетит жоголуп бир нече күн жаттым. Томографияга алып барышып өпкөмдү рентгенге тарттырышты. Двухсторонная пневмания- деген диагноз коюп, толгон дарыларды жазып берди. Ошол учурда кызым Кубанычбек табыпка телефон чалып, бардык жагдайды түшүндүрүп айтты. Кубанычбек табып менен телефон аркылуу сүйлөштүк –дегени мени кубандырды. Ошол замат макул болуп, эшиктерди ачтырып, үйдү аластатып, эки термос кайнак сууну даярдатып, тээ алыстан, башкача айтканда, Алайдан аралыктан мага дем салып, сууга дуа окуп дарылоо сеансты өткөрдү. Сеанс учурунда денемдин бардык жеринен тер куюлуп, көлчүлдөп тердедим .Кийген кийимим өтмө катар суу болуп, кызым алмаштырып жетише албай жатты. Окуп берген дары сууну аягына чейин ичтим, Аллага шүгүр, жакшы болуп калдым, Алланын берген өзгөчө касиети менен Кубанычбек табып мени дарылап, айыгуума себеп болгонуна миң мертебе ыраазымын. Сентябрь айында текшерилип коёюн деп келип көрүндүм, дары чай окуп берип, бүткөндөн кийин кайра келиңиз,-деди. Кайра келип текшерилдим. Кубаныч табып өзгөчө туюму менен ооруп келген адамдардын ден соолугун изилдеп, тамырын кармап текшерип, диагнозун таап ошого жараша дарылайт. Жубайы Салима да өзгөчө касиетке ээ. Экөөлөп ден соолугуна шыпаа издеп келген адамдарга дары суу , дары чайларды окуп берип, айыгып кетүүсүнө себеп болууда. “Курама темир курч болот”- деп бекеринен айтылган эмес. Бири –устаты, экинчиси шакирти-экөөлөп элдин керегине жарап, эмгектенип келишет. Аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайм, балдарынын, кыздарынын бактылуу атасы, бактылуу апасы болушуп, ынтымактуу өмүр сүрө берүүсүнө мен тилектешмин.
Мен, Исмаилова Адашбүбү Жекшеновна
0 Comments