Ыраазычылык кат!

       Саламатсыздарбы, мен Эргешова Нурила Раимкуловна 1989ж. туулгам. Менин 18-19жашымдан башым ооручу, бирок жаш болгон учунбу анча маани берчу эмесмин. Ата-энеме да айтчу эмес экенмин. Оору кучогон учурда, оорумду басуучу даарыларды ичип журо бергем. Медицинага кайрылсак эч кандай диагноз кое албай коюшту. Томографиядан да таза чыкты, бирок башым катуу ооручу. Жыл откон сайын башымдын ооруганы кучой берди, ага кошулуп денем да ооруп, журогум сыгылып эч ким жок болгондо себеби жок кайгыга батып, ыйлай берчумун. Эмнегедир мага эч ким да, эч нерсе да жакпайт эле. Мунозум бузулуп, жашоом карангылашып эч кандай максаты жок жашап журо бердим. Ошентип жылдар отуп мунозумдун себебинен невропотологго да кайрылдык, врач апама кызыныз катуу невроз болуптур деп коптогон даарыларды жазып берди, бирок ал даарылардан эч кандай натыйжа болгон жок, башым дагы да андан катуу ооручу болду. Тундосу уктай албай кыйналчумун. 2015жылы оорумдун себебинен, журогум коп сыгылган учун жыгыла баштадым, ошол мезгилде да общий анализ тапшырдым , врачтар эч кандай проблема жок деп жыйынтык чыгарышты. Ошол себептен биз молдолорго кайрылып 2жыл тынбай дем салуу менен жашап калдым. Молдолор сыйкыр дуба бар уч тамга бар экен деп диагноз кошкан эле. Молдолор эмне десе ошолордун баарын аткардым. Эки жылдай Кыргызстандын эн кучтуу деген молдолоруна дем салдырып журдум, бирок эч кандай натыйжа болбоду, убактылуу гана башымдын ооруганы басылып, кайрадан эле ооруй берчу. Андан сон Малайзияда жакшы лечение болот деп Малайзияга да, Сауд Аравияга, Умра зыяратына барып шыпаа издеп келдик, ал жактан да натыйжа болбоду. Айыгып кетеримен умут узуп койгон болчумун, эми мага баары баарыбир болуп калды. Ата-энем, эжем мен учун канча аракет кылып чуркап журушту, ал эми мага жашоо карангы болуп калды. Сакайып кетериме ишенбей калгам, жашоонун да кызыгы кетип калган. Айыкпагандан улам психотерапевтке корунсом, алар невроз психикалык жактан жабыркоо (психическое расстройство) деп диагноз коюшуп больницага жатууну сунушташты, больницага да жаттым 3кун катуу уколдон улам , басып жургон денем жыгылып оорлошуп баспай да калдым. Бутум баспай калды. Эч кимдим созун укпай, врачтарды да укпай больницадан чыгам деп чыгып кеттим.Себеби кучтуу уколдордон улам боорго куч келип, абалым андан да оорлошту. Баарынан шыпаа болбогондон улам эжем табыптарга кайрылып корууну чечип, интернет аркылуу касиети кучтуу Матай уулу Кубаныч байкеге конулу тушуп Салима эже менен байланышып приемго келип калдык.Ушул кунго мин мертебе шугур айтам Аллахка. Табып тамырымды кармап органикалык ооруу деп сеанска келууну айтты. Сеанс ала баштадым, сеанс учурунда теспе тартып да, дуа да кылчу эмесмин, себеби денем катып калып жыгылып, дем ала албай калчумун, оорум аябай куч алды. Врачтардын, молдолордун туура эмес диагнозунан улам мага эч кандай шыпаа болбой эле, тескерисинче боорго куч келиптир. Молдолор уч тамга бар дешсе, врачтар невроз дегендери туура эмес диагноз болгон экен, менде жин оорусу да, невроз да, психикалык жабыркоо да болгон эмес экенмин. Кучтуу дарылардан улам галлюцинация болгон учун, менде жин бар дешкен экен. Аллахка чексиз шугурлор болсун! Бизди Кубанычбек табыпка келтирген учун. Кубан байке Салима эже сиздердин эки жылдай сабыр менен канча канча кун туну мен учун дуба кылып, мени айыктырдыныздар, сиздерге чексиз ыраазымын. Сиздерден Аллахым ыраазы болсун! Уйбулообуз менен сиздерге чон рахматыбызды айткыбыз келет. Уйбулоонуздорго тынчтык жана бакыт каалайбыз. Азыркы тапта мен эч кандай ооруну сезбей, чуркап иштеп калдым, баары сиздердин талыкпаган эмгегиниздер учун. Кубан байке Салима эже сиздерге мин мертебе рахмат айтамын деп Нурила.

Козу корбой калгандар шыпаа болуп айыгып жатат.

Ото боорукер кайрымдуу табып.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *