Ыраазычылык кат.
Мен Жумадылова Эстебес кызы Гульмира турмушка чыккам, эки кызым бар. Эки кызымдан кийин 10жыл торой албай журдум. Биринчи жолу 2014ж март айында 2айлык боюмдан тушту, ушундай эле кайра дагы 2015ж 1.5айлык ичимден олуп тушуп калды. Врачтар канымда инфекция бар деп, жолдошум экообузду тен даарылашты. Андан кийин 2015жылы кузундо кайра эле 2айлык болуп тушуп калды. 2016жылы ноябрь айында кайра боюмда болду, декабрдын башында токсикозум кучоп кыйнала баштадым. Колдон Бишкекке келип врачтарга корундум, ошол учурда ичим катуу ооруп, киндик тушумдан катуу бир нерсе оорута баштады. Анализдерим туура эмес чыгып, жолдошум, туугандарым мага айтпай коюшуптур. 23декабрь куну боюмдан алдырып, анан аппаратка тартып ичегимде спайка болуп чыкты. Врачтар торобой эле кой деп айтышты. 2018жылдын январь айында апам жолдошумдун болосу Аидадан Кубанычбек табып жонундо угуп, мени ушул кишиге алып келди. Алла тааланын жардамы менен 3 жолу сеанска отуруп, 2019жылы июнь айында эркек перзенттуу болдум. Биздин уй булоонун кубанычында чек жок. Кубанычбек байкеге жана Салима эжеге ыраазыбыз. Алардын уй булоосуно тынчтык, узун омур, эч нерседен кем болбой жакшы жашоосун тилейм!
Уулума Али деген ысым койдук.
15.10.2019ж.
0 Comments