Маматкулов Канат, Айтгүл
ш. Новосибирск. РФ
Биз келинчегим Айтгүл экөөбүз 2000 жылы үйлөнгөнбүз. 2006 жылга чейин балалуу боло албай жүрдүк. Новосибирск шаарындагы баардык жогорку категориядагы медициналык адистерге көрүнүп дарыланып күтүп жүрдүк. Натыйжа болбоду, 6 жыл күтүү биз үчүн өтө кыйын болду. Илимий медицинадан жардам болбогондон кийин Элдик медицинага кайрылып дарыланууну чечтик. Кыргызстанга келип элдик табыптарды издей баштадык. Алла Тааламдын жардамы менен Кубанычбек табыптын кабыл алуусуна келдик. Ал киши экөөбүздүн тамырыбызды кармап көрүп ден-соолугубуздагы оруган жерлерибизди айтып берди. Экөөӊөр теӊ дарылансаӊар оруӊарга шыпаа болуп балалуу болосуӊар, деп бизге абдан чоӊ үмүт жана ишеним берүү менен бирге өз дарылоосуна кабыл алды. Биздин өтүнүч, суранычыбызга макул болуп 14 күн сеанска катыштык. № 1, № 2 дуба окулган дары чайларды ичтик. Дарылообуз бүткөндөн кийин Новосибирскке кеттик. 2007 жылы Алла Тааламдын кудурети менен көптөн күткөн биринчи перзентибиз, Нурислам, төрөлдү. Биздин кубанычыбызды сөз менен жеткирип айта албайбыз. 2008 жылы Бишкеке келип уулубузду Кубанычбек табыпка көргөзүп өз ыраазычылыгыбызды билдирип батасын алдык. Өзгөчө белгилеп айтуучу сөз; Кубанычбек табып көп балалу болгула деп, ак батасын берди. Алла – Таалама тобо шүгүр айтуу менен чексиз ыраазычылык билдиребиз.
Кудай Тааламдын кудурети менен табыптын берген ак батасы кабыл болуп, 2010 жылы Нурболот атту уулду болдук. 2012 жылы Сумая атту сулуу кыздуу болдук.
Биз бактылуу балалу үй бүлө болдук. Ушундай бактылуулукка себепкер болгон элдик табыпка кантип ишенбей койосун. Пендечилик кылбай тобо дешибиз керек экен. Аман болуп көп жашаӊыз! Сизге чексиз ыраазыбыз!
0 Comments