Ыраазычылык кат!

     Мен Арыкбаев Замир Асылбекович. 1981-жылы 17-январда Ысык-Кол областына караштуу, Тон районунун Ак-Олон айылында туулгам.

     Ыраазычылык каттын жазганымдын себеби мындай. Соз башынын болсун. Кубанычбек табып байкеме келип корунуп калганыбыздын себеби, апамдын ооруларына байланыштуу болду. Апам белиндеги грыжасы кучоп, сол буту жакшы баспай, тартылып аксап баштады. Дартка даба издеп, барбаган жерибиз калган жок. Коп адамдар, врачтар: «Колдон келсе операцияга бербей эле кой, бычак тийгизбей эле коюу керек» -деген кенештерин айтышты. Апамдын биз билген жана билбеген оорулары бар эле. Кудайдын буйругу менен 2010-жылы бир адамдардын себепкерлиги менен Кубанычбек табып байкеме келип бизди кабыл алууга жазылдык. Кубан байке кабыл алып, апамдын ушул жерден айыгып кетерин айтты. Ошондон баштап даарылана баштады. Жарым жылдан ашык ички органдарын жана биз билбеген ооруларын айыктырды, тазалады. Андан кийин грыжасын операция кылууга убакыт келгенин айтты. Операцияга баарыбыз макул болдук. Операция бычаксыз жасаларын, кудайдын керемети менен болорун тушундурду. Ошентип, операция болду. Кадимкидей наркоздогудай эс учун жоготкон абалда чыкты. Кубан байке бизге баардык талаптарды, баардык эрежелерди так сакталышын тушундурду. Биз дагы Кубан байкенин айтканын так аткарганга аракет кылдык. Ошентип, апам операциядан кийин ийгиликтуу айыгып кетти. Кудайыма чексиз мактоолор жана шугурлор болсун! Кубанычбек табып байкеме мин мертебе ыраазыбыз жана таазим кылабыз. Андан улам мени жана жубайымдын намаз окуп, ыймынга келишибизге себепкер адам деп айтам. Менин жол башчым, мугалимим жана байкем деп билем. Ар дайым озунун кенештерин айтып, кыйшайсак туздоп, жыгылсак кол сунуп батасын берип, ар дайым бизге тирооч болуп келет. Мен кудайга ушундай жакшы адамды белек кылып бергенине ыраазымын. Кубан байкени биз кудайдан белек деп билебиз. Дагы айта турчу эмгектери, бизге кылган жакшылыктары абдан коп. Алардын бири Актилек уулум менен Аксанат кызымдын жарыкка келиши. Жубайым Лира кесерево менен 3 жолу торогонуно байланыштуу 3жолу эле торогонго врачтар тарабынан уруксат берилген. Кубан байкенин батасы менен Актилек торолду. Жана дагы торой тургандыгын айтты. Андан сон Аксанат торолду. Аксанаттан кийин дагы торогонго уруксат бар экенин айтты, кудай буйруса умут кылып турабыз. Кудайыма шугур! Андан тышкары кудайымдын коп кереметтерин коргозду. Аларды айтууга болбойт, анткени биз убадалашканбыз. Ал сырлар Кубан байке менен жана мени менен кете турчу нерселер. Кубан байкенин батасы менен остук-ондук. Жаман болгон жокпуз. Кубанычбек байкеме жана Салима эжеме мин мертебе ыраазыбыз. Бул эки адамга узун омур, чын ден соолук, эки дуйно бактылуулук, ырыскыларына береке каалайм. Кудайыма ыраазымын!!!


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *