DS:  Радикулит.  Бруцеллез.  Полиартрит.

   

Мен, Оболбекова Кермекан 1946 жылы 12-ноябрда  Тоӊ районунда туулгам.  Өмүрүмдө полиатрит, радикулит, бруцеллез, ички органдарым, кан басымым жогору болуп, көп эле ооруп, доктурга дарыланып жүрдүм.

Кубаныч табыпты сиӊдим аркылуу жолуктурдум. Андан соӊ доктурга барбай эле Кубанга көрүнүүнү чечтим. Себеби төбө чачыбыздан, тырмагыбыздын учуна чейин касиеттүү бир эле адамдан, кенедей эле чыгым менен айыгып жатпайбызбы. Кудайымдын берген касиети, керемети менен. Ошентип сиӊдим болуп чогуу мени алып, көрүнгөнү келдик. Тамырымды кармап, башымдын ооруганын, даарыны көп ичип жатып, шлак толуп, кан айлана албай ооруп жатыптыр.

2011-жылы 29 ноябрда 12 күн сеанска катыштым. Кудайыма тобо көптөгөн ооруларымдан айыгып, күч кубат берди. Кудайыма  чексиз ыраазымын.

Мен көрүнүп жүргөн убакта улуу келиним Нүргүл ооруп, доктурга барса, боюӊда бар же миома , ал алты айдан кийин билинет дешиптир. Келиним болсо белинен кыймылдай албай араӊ эле басып калыптыр.  Келинимди Кубан табыпка көрүн деп жибердим.  Ал 12 кун сеанс алгандан кийин ооруган жерлери баары сакайып кетти. Андан соӊ келиним аман эсен эркек бала төрөдү. Азыр 1 жаш 3 ай болду. Кудайыма ыраазымын келинимдин ден соолугу таза.

Оомийн касиетти күчтүү ыйык Кубанга баш ийип таазим кылам.

Быйылкы жылан жылы-жаӊы эмдөө жылыӊыз менен. Ачыла элек чексиз күчтүү илимдериӊизден ачылып Кудайым сизге табындагы тулпардай, табындагы шумкардай күч кубат жеӊилдигин берип, чарчатпай чаалыктырбай, Рак жандуу, дарт эхинакокту айыктырганыӊыз боюнча атыӊыз Алайга кетип, тукумуӊуз көбөйүп, түтүнүӊүз көбөйүп, зоболоӊуз көтөрүлүп, даражаӊыз бийик болуп кенчке оролтуп, Ырыскыга малып, биринчи сыйлыгыӊызды ыйгарышыӊызды Алладан тиленем, кабыл кылыӊыз.

Кубаным эмне тилесе тилегине жеткизип, жүрөгүн кубаныч жүзүнө күлкү берип, чексиз бакыт, узун өмүр, ыйман ырыскы перзентерин берип, китебиндеги 107 жаштагы апанын өмүр жашын бериӊиз.

Элиме журтума керек. Бийик өскөн терек.  Алла тааламдан  Кубанга 2 өмүр тилейм

Оомийн.

Кубаным бүрдөгөн көпкөк чынарсыӊ,

Саргайбай бүрдөп турасыӊ.

Бет алышкан оорунун тамырын үзүп тынасыӊ.

Мөмөсүн берип, тойгузган,

Элиӊе өскөн бакча бол.

Чыга албай жатса өөдөлөп,

Көк тиреген аска бол.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *