Урматтуу Кубанычбек байке жана Салима эже!

Сиз дарылап иштеп жаткан учурдан бери көптөгөн ыраазычылык каттар томдору менен болсо керек сизде. Андыктан мен да, өзүмдүн чын жүрөктөн пикиримди калтырууга уруксат этиңиздер. Балким, менин катым кимдир бирөөлөр үчүн мотивация болот, ал эми башкалар үчүн ырастоо болот, анткени аудитория абдан кенен жана ар бир адам өз абалына жараша ылайыктуусун табат.

Менин атым Бегайым. Экинчи жолдошума турмушка чыгып, көпкө чейин балалуу боло албай жүрдүм. Белгилүү дарыгерлер тарабынан дарылоо жана  миңдеген анализдер тилекке каршы, көптөн күткөн натыйжага алып келген жок. Акырында доктурлар ийнин куушуруп, жөн гана жашашымды каалашты!

Кокустук жолугушуу болбойт дегендей, бир майрамдык кечеде досумдун тууганына жолугуп, ал аркылуу Кубанычбек байке деген табып тууралуу билдим. Кубанычбек байкенин приемуна “Боюма бүтүп, төрөй аламбы?” деген өтүнүч менен келгем. Кубанычбек байкенин жообу мага көптөн бери жоголуп кеткен үмүттү берди.

Ошентип сеанстарга катыша баштадым. Ар кайсы аймактан, ар кайсы өлкөлөрдөн келген, ар кандай оорулар менен ооругандар жана мага окшогондор, боюнда бар же такыр балалуу боло албай жаткандар да бар болчу. Сеанска катышуу учурунда, биз баарыбыз айрым адамдардын оңолуп жатканына күбө болдук. Сеанстардын учурунда өз көзүбүз менен күбө болуп көрүп жаткан натыйжалар баарыбызды кубандырды.

Бир жигиттин алгачкы кадамдарын өз алдынча жасай алган учур эсимде! Ошол сеанста отургандардын баары кубанып, кол чаап куттуктадык! Оорудан айыккандан тышкары жашоонун башка жактары да оңоло баштаганын белгилегим келет.

Кубанычбек байке сеанс башталаардын алдында ар дайым баян айтып, бейтаптардын ыраазычылык каттарын окуп берип , аягында: «Бул жерде ар ким, ар кандай диагноз менен жүрөт. Сасык тумоо менен келип, айыкпай каласыз, же айыккыс оорудан дени сак чыга аласыз. Баары силердин ишенимиңерге жараша болот!” дейт.

Мен ишенгем! Ишендим! 42 жашымда мен сонун дени сак баланы төрөдүм, бирок бардык дарыгерлер төрөттүн коркунучу жана баладагы генетикалык оорулардын коркунучу жөнүндө эскертишкен, анткени 40 жаштан кийин патологиялар пайда болушу мүмкүн экен. Алар мени генетиктерге жана ар кандай Доплер тесттерине жиберишти. Менин жеке тандоом Кубанычбек байкенин дарылоосунда болуу болду. Мына азыр менин бир сонун уулум бар, ал 2 жашта. Мен ийгиликтүүмүн, эң негизгиси ден соолугум чың!

Кубанычбек байке, Салима эже, сиздин эмгегиңиздерге, ар бирибизге тилеген дубаларыңызга чексиз ыраазымын! Мага ишенүүгө, ыйманды, жалпы жашоону туура түшүнүүгө үйрөткөнүңүзгө ыраазымын! Ден соолукта болуңуздар! Үй-бүлөңүздөрдө ар дайым ынтымак өкүм сүрүп, ар бир айыккан адамга сездиргендей бакыт болсун!

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *