Ыраазычылык кат.

    50жыл тамеки тарткан жаман адатыман арылтты.

    Арыкбаев Асылбек 1950-жылы туулгам. Ысык -Көл областы Тоң району Ак-Өлөң айылы.

     Мен, табып Кубанычбек Матай уулун 2013-жылдан бери билемин, Кубанычбек табыпка жубайым жана балдарым ден соолугунун ооруган жерлерин көрсөтүшүп, айыгып кетишкен эле. Ошондон улам мен дагы ден соолугумду  текшертип көрүүнү чечтим. Кабыл алуусуна жазылып көрүнүүгө келгенде: ” Бооруңузда, бөйрөктө бар экен, тазалоо керек экен”-деп, дарылана баштадым. Дарылануу(сеанс, сыйынуу), дарыларды(дубаланган дары чай, дары суу) жана ар кандай амалдарды колдонуу менен жүрдү. Ошол учурда мен тамеки чегип жүрчүмүн, аны кантип таштоону билбейт элем. Таштоого аракет кылдым бирок, таштай албай койгом. Тамеки чеккениме 50 жыл болуп калган. Тамекини таштатууга табып Кубанычбек макул болду да, мага 3 пачка тартып жүргөн тамекиңизден алып келиңиз деди. Ошол 3 пачкага дуба окуп, тартып бүткөндөн кийин кутусун алып келиңиз деди. Мен тамекини уламдан- улам кыскартып, чегип бүттүм, бошогон тамекинин кутучасын алып барып бердим. Ошол учурдан баштап, тамеки чегүүгө көңүлүм тартпай калды. Азыркы тапта, 1.5 жыл болду тамеки тартпаганыма, кызыгуум, эстөөм деле жок. Тамеки чегип жүргөн мезгилде дем алуум оорлоп, күйүгүп, өпкөм салмактанып, тамеки тарткандан кийин өпкөм, кекиртек ачышчу эле. Мына ушулардын баары тазаланып, өпкөм өз калыбына келиптир. Өпкөмдү тарттырсам таза болуп чыкты. Ушул оорудан арылгандыгым үчүн табып Кубанычбекке жана анын шакирти Салимага ыраазычылыгымды билдирип, чың ден соолук, узун өмүр жана ишинде ийгилик каалайм. 

 

14.10.2022.

Арыкбаев Асылбек

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *