АКШдан салам.

Ак бата алып жолум ачылды.
Урматтуу Кубанычбек байке. Мен сиздерге кат аркылуу
ыраазычылык билдиргенимдин себеби:
2017ж.сентябрь айында апам экөөбүздүн тең ден
соолугубуздун начарлаганына байланыштуу, сиздин кабыл
алууңузга, кезекке жазылып келгенбиз. Бизди кабыл алып,
өзүңүздүн диагнозуңузду тамыр кармап коюп, шыпаа
болот, эгерде өзүңөрдө ниет калоо болсо келип
дарылангыла дединиз. Биз өз каалобуз менен келип
сеанска катышып, сиз айткан эреже тартиптердин баарын
сактап, шыпаа таап айыгып кеттик, сиздерге терең
ыраазычылык билдиребиз.
2019 жылы жолум боюнча сизге келип кайрылып
жардам сурагам. Акыл кеңеш айтып жолумду ачып, ак
батаңызды бердиңиз, жолуң ачылсын деп! Алган
батамдын таасирин айтып берейин. Уйго келгенден кийин
эл катары Грин картага жазылып койдум. Алты айга
жетпей эле мага жооп кат келди, Грин карта уттуң деп.
Апам экөөбүз ишенип ишенбей таң калып да, кубанып да
жаттык. Керекту документтердин баарын даярдап койдум.
Арадан бир жыл убакыт өттү, 2021жылдын сентябрь
айында АКШга учуп кеттим. Азыркы учурда баары жакшы
шугур. Акшда жашап иштеп жатам. Сиздин мен үчүн
берген ак батаңызга, апам экөөбүздүн атыбыздан терең
ыраазычылык билдиребиз. Корушуп жолукканча
саламатта болунуздар.

10.01.2024 ж.
Алтынай.
Штат Даллас. Техас(АКШ)


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *