Диагноз: Боордо альвеококкоз курту бар. Боорду трансплантация жолу
(операция) менен гана айыктырса болот.

Ыраазычылык кат

Мен Ибраимова Фатима Муканбетовна Бишкекте Осмонкула 158 үйдө
жашайм. Мен кеч болсо да журөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды
касиети күчтүү табып Матай уулу Кубанычбекке жана шакирти Салимага
жолдомокмун. Мен 2017жылы ноябрь айында келип Кубанычтын
приемунда болгом. Кызым Идирисова Махабат Орозбековна 1984жылы
туулган. 2017жылдын август айында боорунан альвеококкоз диагнозу
менен операция болгон. Турцияга барып боорун пересадка кылыш керек
деген. Ал жакка барганга бир сом да акчам жок, камалып айлам кетип
турганмын. Үйүмдү сатсам да акчам жетмек эмес. Ошентип сөздүн
кыскасы Кубанычты менин аяшым Дуйшөн аркылуу билип калдым,
интернеттен окуп, түшүнүп аа болду кызым буйруса Кубанычтан айыгат
деп келдим. Приемго келип баарын түшүндүрдүм, ыйладым, Кубаныч
эжеке ыйлабаңыз баары жакшы болот буйруса, кызыңыз да айыгат деди.
Кубанычка, мен эмне кыларымды билбей жатам, тамымды сатсам да
жетпей жатат десем, жок сатпаңыз баары жакшы болот деп, ушундай
жумшак назик сөздөрү менен жүрөгүмдү жылытты. Мындан мурун дагы
башка эки жерге алпарган элем, бирок аларга ынанбадым. Кызым болсо ар
кайсы жакка алпара бересизби деп көңүлсүнүп жатат, бирок мен сиздин
даарылооңузга келип айыгып кетишин тилеп олтурам. Кубаныч болсо капа
болбоңуз кызыңыз келет буйруса деп койду. Мен ошентип сеанска отура
баштадым, анан 4/5 күндөн кийин кызым чалып барам мама үчүнчү куну
чыгам деди. Мен сүйүнүп Кубанычка келип айттым, ии эже айттым беле
кызыңыз келет деп деди. Кызым да сеанска отура баштады. Бир айда эле
сакайып курту түштү (заңы менен). Ошентип Кубаныч мени бир чоң
кубанычка бөлөдү, ал эле эмес ооруп жаткан кезде боюнда бар эле, врачтар
бала болбойт деп боюнан алдыртып салышкан, мына ошондогу алдырган
баласынын ордун дагы төрөп алды. Пандемияда 2019жылы 12ноябрда
төрөп үйдө отуруп калды. Пандемия учурунда биз Кубанычтын
дарылоосунан өткөн үчүн ооруган жокпуз десем болот. Мен Аллахыма
ыраазымын Кубаныч менен Салимага жолуктуруп, кызымды айыктырып,
неберемди кайтарып бергенине. Эки дүйнө бактылуулук каалайм!


Оомийин!


Кудай Таалама шүгүр быйыл айыкканыма буйруса 7чи жыл кетти.
12 октябрь 2022жыл
Ибраимова Фатима Муканбетовна

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *