DS: РАК, Лимфосаркома, Цитомегаловирусная болезнь

Published by admin on

Городская клиническая больница №50

127206, г. Москва, ул. Ул. Вучетича, 21.

Мен, Орунбаева Гүлүмкан, 37 жаштамын. 2002 жылдан 2010 жылга чейин москва шаарында иштеп жашап жургом. Ушул жашка келип, бир да  ооруган эмесмин.  2010 – жылы 15- февралда кокустан температурам көтөрүлүп, ооруп калдым. 16 – февралда «брюшной полости» деп 1.5 литр суу алышты. 27 – февралга чейин температурам бир да түшкөн жок.

Доктурлардын толук текшерүүсүнөн өттүм. Анализдерди тапшырдым. Анализдердин жыйынтыгы таза чыгып жатты.

27-февралда 2010-жылы мага, менин макулдугум боюнча, «Лапароскопия» жасашты. Ушундан кийин «Лимфосарком, Цитомегаловирусная болезнь рак» деп – диагноз коюшту. Мен, доктурлардын дарылоосунан баш тарттым, 5-март күнү больницадан чыктым. Жараткан Алла таалама ыраазымын, менин ушундай инсандарга туш кылганына. Туугандарыма ыраазымын, өзгөчө сиӊдим Чолпонго! Ал ушундай кыйын мезгилде мени колдоп көӊүлүмдү көтөрүп, элдик табыпка барып көрүнүӊүз деп тура кеӊеш берди. Мен Бишкеке келип, 8-март күнү Кубанычбек табыптын кабыл алуусунда болуп, дарылоого кабыл алындым. 14 күн сеанска отуруп, №1,  №2 дуба окулган дары чайларды ичип, өзүмдү жакшы сезе баштадым. Температурам өз калыбына түшө баштады. Жараткан Алла таалам, азиз периштелер аркылуу Кубанычбек табыптын себеби менен мен айыга баштадым. Толук лечения бүткөндөн кийин мен анализдерди тапшырдым. Анализдердин жыйынтыгы боюнча, менде эч кандай «онкологиялык» оорулар байкалган жок.

Табыптын кеӊеши боюнча үйүмө кетип, бир жылдан кийин кайра кабыл алуусуна келдим. Тамырымды кармап өз ыкмасы менен ден-соолугумду текшерип көрүп, сен эми толук айыгыпсыӊ, деп дарылоосун токтотуп батасын берди.

Ушундай жөнөкөй, кеӊ- пейил, адамды түшүнө билген, Кубанычбек байкеге узун өмүр, балдарынын жакшылыгын көрсүн, эч качан оорубасын, анын күчтүүулүгү мындан да арта берсин. Кубанычбек акага жана шакирттерине чоӊдон-чоӊ ыраазымын!!!

 

Табып дарылаганга чейинки медициналый диагноз

Табып дарылагандан кийинки медициналик кайталоо диагнозу.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *