Ыраазычылык кат

Саламатсыздарбы Кубан байке Салима эже  сиздерге катымды кагаз бетине түшүрүүнү туура көрдүм. Мен Токтосунова Альбина 40 жаштамын Токмок шаарынын тургуну болом.

2015жылы 20июньда кенже кызым Кереметти кесарево сечение менен төрөдүм, 2саат операция болдум, оор болду операция ары барып эле бери келдим.Операциядан кийин абалым, ден соолугум начарлап баштады. Кан басымым төмөндөп, стресс, депрессияга түштүм. Ден соолугун начарласа сен бир гана ата энеңе гана керек экенсин. Жолдошум да таштап кетти, сендей оорулуу аялдын кереги жок деп, кайнежем экөө төркүнүмө жеткирип койду. Эки жылдай алыштым ден соолугум начарлай берди. 2017жылы сентябрь айлары Токмок шаары боюнча диагнозду туура, так койгон УЗИ тарткан Алмаз аттуу мырза  врачка бардым. Алмаз врач мага диагноз: Двухстороний яичникте киста, размери аябагандай чон, даары менен жойулбайт,операция кылыш керек деп мени жөнөттү. Диагнозду уккандан кийин да аябай каттуу депрессия стресске түштүм, ыйладым, жашоого көңүлүм жок болду, мен мындан ары жашабайт экенмин да операция кылдырсам,операционный столдон турбай калчудай болуп аябай чөгүп кеттим. Үйгө келип диагнозду ата энеме айттым, кайгырба кызым сени таасири күчтүү табып байкең бар, Кубанга алып барабыз деп атакем эртеси эле байланышып, келгиле деген экен бардык. Кабыл алууга кирдим, ыйлап алгам. Врачтар мени кайра операция кылабыз дешти,операционный столдон турбай калчудай болуп коркуп жатам, сиздин жардамыңызга муктажмын деп ыйлай бердим. Кубан байке карындашым жакшы болуп кетесин, жардам берем деди, тамырымды кармап болгон ооруган жерлеримди так айтып койду. 14кун сеанска отурдум, соонун жыйынтык ала баштадым, жолум ачылды, квартиралап жүргөн  элем үйлүү болдум, ишим соонун журушуп баштады. Айлар,жылдар өттү мен 100% айыгып калганыма көзүм жеткен эле,байкемди сынагандай болуп калбасын деп УЗИге түшпөй жүргөм.

2022жылы январь айы эле мамам борбордон келип, мени УЗИге түшүрчү деп калды,макул болуп Алмаз врачка  алып бардым. Мамамды УЗИге түшүрдүм баары жакшы онкологический оорулары жок деп айтты. Негедир мен да түшкүм келип түштүм. Боор, бөйрөк, женский  жактарымды тарттырдым, врачка женский жагымды жакшылап тартып бериңиз деп сурандым. Яичниктин эки жагын дагы дедим врач мага таза карындашым эч кандай киста жок деп жооп айтты. Алмаз врач сиз мага 4жыл мурун яичниктин эки жагында киста бар деп диагноз койгонсуз, аябагандай чон операция жолу менен гана айыга аласың дегенсиз десем ээ карындашым мага көп киши келет эсимден чыгып калыптыр деп жооп берди. Сиз менен чогу иштешкем мед айыммын десем, аа эстедим ооба койгом, азыр таптаза эч кандай киста жок деп таң калды, кайдан дарыландың мындай таптаза операция болбой даары менен таза айыгыш мүмкүн эмес эле деп калды. А мен таасири күчтүү  табып Кубан байкеме бардым деп жооп бердим. Карындашым байкеңе менден салам айт, мындан ары байкеңе көрүнүп жүр деп узатты. Кубанычым койнума батпай Салима эжеме чалып баштадым сүйүнүчүм менен тең бөлүшкүм келди, ыраазычылыгымды айтып болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Кубан байкеге эки дүйнө ыраазымын. Аллахым сизге узун өмүр берсин,Салима эжекем менен көп жашаңыздар, дөөлөттүү карылык каалайм,уул  келиндериңиздин урматын, сыйын көрүп, небере чөбөрө кыбыраларыңыздардын жытын жыттоону Аллахым насип этсин. Кубан байке Салима эже сиздер биздин маңдайыбызда бар болуңуздар деп Аллахымдан тилеймин дуа кыламын. Айыкканыма быйыл 5жыл болду. Мед айым болуп иштейм.

2022жыл июнь

Токтосунова Альбина

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *