Диагноз: Острый инфаркт миокарда передне-перегородочной области левого желудочка и правого желудочка. Постинфарктная стенокардия

Мен Камчыбеков Абдрасул Маминович 1973жылы Талас областындагы Киров районунда туулгам. Менин ыраазычылык кат жазганымдын себеби 2020жылы жүрөгүм ооруп, приступ кармап, райондук ооруканага жатып калдым. Жети күн дарыландым,ал жерден Бишкек шаарындагы Республикалык Кардиология Борборуна направление берип жөнөтүштү. Кардиология борборунан толук обследование өткөрүшүп, жүрөгүмө 2 стент коюу жолу менен айыктырса болот дешти. Он күн, бир курс дарылоо алдым. Тааныштарым аркылуу Кубаныч табыпка кайрылдым. Табып өз диагнозун коюп, стент койбой эле дарылап айыктырса болот деп айтты. Мен врачтардын сунушунан баш тартып, өз каалом менен келип, Кубаныч табыптан эки курс даарылоо алып, шыпаа таап айыгып кеттим. Быйыл 2024жылы үч жыл болду даарыланып айыкканыма. Жарым жылда бир келип Кардиология борборунан текшерилип турам. Ошол эле мезгилде Кубаныч табыпка да келип текшерилип турам. Врачтар жакшы шыпаа таап айыгыпсың деп айтып жатышат. Эгерде стент койдурсам режим сактап, диета кармап, физический нагрузка кылбай жашашым керек болмок экен. Азыр кудайга шүгүр, кадимки мурдагыдай эле окат тиричилигимди жасап жашап жатам. Кубаныч табыпка өмүр боюу ыраазымын!

 

10.02.2024ж 

Камчыбеков Абдрасул Маминович

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *