Жол кырсыгынан жабыр тартып баспай, сүйлөй албай калган жигиттин ыраазычылык каты. 

Мед. д/з «Гемотома головного мозга»

     Мен Болот уулу Адилет 1984ж. туулгам. 2019жылы март айында машина коюп кетип баспай, сүйлөй албай калгам, алым күч кубатым да жок эле.

     Башым жарылып, мээге,нервтерге доо кеткен, врачтар « Гемотома головного мозга» деп диагноз коюшкан. Оруканадан медициналык жардам алып ар кандай укол, дарылар менен даарыланып жүрдүм.  Ичпеген дарым калбады десем да болот, бирок ойдогудай шыпаа болбоду. 

    Кубанычбек табып байкенин дайын  дарегин белгилүү жазуучу Айдарбек Сарманбетов аванын 2016жылы жазган   «Таасири күчтүү табып» атту китебин окуп чыктым.  Мага ушунчалык чоң үмүт, ишеним берген таасир алдым. Андан кийин табыпты издеп Ысык- Көлдөн Бишкек шаарына келдик.  Дарегин таап 2019жылы май айларында Кубанычбек табыптын үйүнө өзүм баса албай, сүйлөй да албай энемдин жардамы менен коляскада келдим. Байке тамырымды кармап, текшерип өзүнүн диагнозун коюп, коркпо Аллах Тааламдан буйурса шыпаа болот, азыр мүмкүнчүлүк бар экен деп дарылоосуна кабыл алды. Жети күн сеанска катышкандан кийин, шыпаа болуп жатканынын биринчи таасири билинип эки таяк менен боюмду токтотуп, өзүм басып калдым. Андан кийин өз оюмду айтып сүйлөй баштадым. 14күндөн кийин колясканы биротоло таштадым буйурса. Таяк менен өзүм басып үйүмө кеттим. Шыпаа болуп айыкканыма ата энем, жана мени менен чогу дарыланып сеанска барган 15-20 адамдар күбө болушту. 

    Бул Кудай Тааламдын кудурети! Ислам дининин, Курандын, дубанын күчү. Табып илиминин касиети деп билдим!

    Дарылануу убактысы:  14күн сеанска катыштым. Номер 1; 2; 3 дуба окулуп дем салынган дары чайларды ичтим.

    Кубанычбек табып байкенин  мен үчүн каалап тилеген ой максат, ниет, тилектерин, окуган дубаларын, берген баталарын Аллахым кабыл алып, жооп иретинде менин ооруларыма шыпаа берди. Аллах Таалама миң мертебе тобо шүгүр дейм. Табып байкеме өмүр бою ыраазымын.

                     

                Болот уулу Адилет  2021ж 4 декабрь  Азыр бир таяк менен басып жүрөм. Тоң району Бар Булак айылы.


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *