Саламатсызбы, Кубан байке!

Мен, Сергей Дмитриев, бул катта сизге терең ыраазычылыгымды билдирип, чоң рахматайткым келди!
Жардамыңыз үчүн, дубаңыз үчүн, чын ыкластыгыныз үчүн, боорукердигиңиз үчүн. Менин ден соолугумду айыктырып, тазалаганыңыз үчүн рахмат. Сизге таазим жана узак ден соолук.
2023-жылы жайында ден соолугум начарлай баштады. Он колум белгисиз бир себептер менен шишип кетти. Москвадагы көптөгөн дарыгерлерге кайрылдым, бирок айыккандан эч кандай жыйынтык болгон жок. Ооруканаларда жаттым, күчтүү
антибиотиктерди алдым, таблеткаларды ичтим, ар кандай майларды суйкодум, бирок эч кандай пайдасын берген жок. Дарыгерлер, профессорлор, хирургдар, микрохирургдар, дерматологдор консилиум өткөрүштү, бирок дарылоо үчүн эч кандай диагноз коё алышкан жок. Оорумдун себептерин аныктай алышкан жок. Анан жубайым экөөбүз сизге Кыргызстанга келүүнү чечтик. Сиз кабыл алгандан кийин дары чай ичип, куран окуп, сыйынып баштадык. Ошондон кийин дароо жакшы боло баштадым, өзүмдү жеңилирээк сезип калдым. Колумдагы шишик кете баштады. Кубан Байкенин сунушу боюнча бүт үй-бүлөобуз менен сеанска бара баштадык. Ошондон кийин өзүмдү жакшы сезип, балдарым да айыгып кетишти. Колумдагы шишик толугу менен түшүп, колумдун бардык функциялары толук калыбына келди. Ден соолугумдан тышкары, каржылык жана сот иштерим жакшы нукка бурулду. Албетте сиздин бизге кылган дубаңар менен. Сиздей адамдар бар экенине абдан ыраазымын. Сизге жана шакиртиниз Салима
эжеге чоң рахмат!

До После

 


0 Comments

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *